Жаңылыктар
Бишкек шаарынын жаңы конуштарына газ киргизүү ийгиликтүү ишке ашууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаарынын жаңы конуштарына газ киргизүү ийгиликтүү ишке ашууда

Бишкек шаарынын жаңы конуштарына газ киргизүү ийгиликтүү ишке ашууда. Компаниянын инвестициялык программасына ылайык, 2017-жылдын аягына чейин Бишкек шаарынын 22 жаңы конушуна жана Мыкан айылына газ кириши керек. Газга кошула турган үйлөрдүн жалпы саны 25 миңге жетет, ал эми тартыла турган газ куурларынын узундугу 430 чакырымды түзмөкчү. 

2014-жылдын аягында дүйнөдөгү эң чоң энергетикалык компаниялардын бири болгон - россиялык “Газпром” концерни Кыргызстандын аймагына кирди. Аны менен бирге өкмөттөр аралык келишимдин негизинде компанияга өлкөнүн газ тармагын жаңыртуу, жаңы объекттерди куруу, республиканын жаңы райондорун газдаштыруу милдеттери жүктөлгөн. 

Былтыркы жылдан тартып Бишкек шаарынын жаңы конуштарын газдаштыруу иштер башталды. Бүгүнкү күндө Көк-Жар, Жеңиш, Салам-Алик, Кайынды, Щербаков, Балбан-Таймаш конуштарындажана Керамический, Бурдинский көчөлөрүндө газ куурлары жана бөлүштүрүүчү тармактар орнотулууда. Ал эми Керемет жана Касым жаңы конуштары боюнча көчө газ куурлары 2015-жылы тартылып бүткөн. Бул жылы жалпы узундугу 80 чакырым газ кууру тартылып, 4520 турак-жай газга кошулмакчы.

2017-жылы газдаштыруу иштери Достук, Көлмө, Маданият, Чалбай, Учкун, Аска-Таш, Алтын-Бешик, Арча-Бешик, Ак-Өргө, Ак-Ордо Ала-Тоо, Кара-Жыгач жаңы конуштарында жана Мыкан айылында башталмакчы. Кошумчалай кетсек, “Газпром Кыргызстан” компаниясы жеке өзүнүн каражатына көчө газ куурларын тартып, газ эсептегичтерди орнотот, ал эми көчө газ куурунан үйүнө чейинки каражат ар бир кардардын өз чөнтөгүнөн каржыланмакчы.

«Газпром Кыргызстан» инвестициялык программада көрсөтүлгөн планга ылайык Бишкек шаарынын жаңы конуштарын газдаштырууда. Ага ылайык, 2017-жылдын соңуна чейин Бишкектин 22 жаңы конушу жана Мыкан айылы газдаштырылышы керек. Газга кошула турган жалпы турак-жайлардын саны 25 миңге жетет, ал эми газ куурунун узундгу 430 чакырымды түзөт.