Жаңылыктар
Памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам жеткизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Памирлик кыргыздарга гуманитардык жардам жеткизилди

Ушул аптада Афганистандагы памирлик кыргыздарга жардам жеткирген Кыргызстандык экспедиция үйлөрүнө кайтып келди. Экспедиция мүчөлөрү Чоң жана Кичи Памирдеги үй-бүлөлөргө чейин жетип, медициналык каражаттарды, азык-түлүк менен бирге жылуу төшөнчүлөрдү жана боз үйлөрдү жеткирип беришкен. Жардам алып барууга өкмөт 10 миллион сом каражат бөлгөн.

Ата мекенинен келе турган кезектеги жардамды памирлик кыргыздар 2 жыл күткөн. Бул гуманитардык жардам этникалык кыргыздардын бардык көйгөйүн чечпесе да, суук түшөөр алдында жеткени - бир топ балээден сактап калды. 

Бул жерде жашагандар бизге байкалбаган оорулардан көз жумушат. Айыгуу үчүн кудайдан шыпаа сурап же элдик медицинага таянуудан башка айла жок. Эне менен баланын өлүмү көп. Жергиликтүү эл орточо 45 жыл жашайт. Экспедициянын курамында барган медкызматкерлер 300дөй адамды текшерүүдөн өткөрүштү. 

Бул жолу барган экспедиция памирлик кыргыздарды абдан кубантты. Кыргыз элинин атынан аларга 50 боз үй белекке берилди. Кандаштар камкордук үчүн ыраазычылык салам дубайын да айтып жиберишти. 

Бул жолу алыстан келген мекендештерин Памирдеги кыргыздар өзгөчө тосуп алышты. Памирлик кыргыздардын 10 баласын Кыргызстанга окууга алып келүү маселеси өкмөттүк деңгээлде чечилген. Себеби, этникалык кыргыздардын сабаты абдан төмөн. 

Учурда Памирде 1380 адам жашайт. Ал жердеги кыргыз коомчулугунун жыл сайын 6-7 пайызга кыскарып баратканы тастыкталган. Ал эми калктын өсүшү нөлдүк көрсөткүчтө турат.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118