Жаңылыктар
Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарында издөө-куткаруу иштерин баштады
Дүйнө
Кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарында издөө-куткаруу иштерин баштады

Кыргызстандык куткаруучулар жер титирөөдөн катуу жапа чеккен Кахраманмараш шаарында издөө-куткаруу иштерин баштады. Бүгүн, эртең менен Түркиянын “AFAD” куткаруучулардын базасынан тиешелүү тапшырмаларды алышты. 

Эскерте кетсек, Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу, урандылардын астында калган адамдарды издөө жана куткаруу үчүн Кыргызстандан 67 куткаруучу 7-февралда Бишкектен жолгон чыккан. Мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров эл аралык келишимдердин негизинде берген. Жардам берүүгө чыккан курамда дарыгерлер, психологдор жана кинологдор бар. 

Куткаруучулар 20 күнгө жетерлик тамак-аш, издөө жана куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын ала барышкан. Акыркы маалыматтарга ылайык, зилзала болгон аймактарда үй-жайсыз калган Кыргызстандыктардын саны 200дөн ашты. Түркиядагы элчи Руслан Казакбаевдин билдиришинче, көбүнүн документтери урандылардын алдында калган. Акыркы эки күндө элчиликке жана консулдуктарга кеңеш сурап 500 адам кайрылган. Алар, эмгек мигранттары жана студенттер. Табийгат кырсыгынан жабыр тарткандардын арасында этникалык кыргыздар дагы бар. Түркиядагы мекендештер да боордош элдин кайгысын тең бөлүшүп, колдон келген көмөгүн көрсөтүүдө. Эң керектүү делген жылуу жууркан, төшөк, кийим-кече жеткирип берип жатышат. 

Түркияга гуманитардык жардам Кыргызстандан дагы жөнөтүлөт. Учурда ыктыярчылар эң керектүү буюмдарды чогулта башташты. Президенттик администрация жардам берүүнү каалагандар үчүн финансы министрлигинин алдында бирдиктүү депозиттик эсеп ачкан. Өз кезегинде Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги дагы гуманитардык жардам чогултуп жатат.