Жаңылыктар
«Дыйкан» базарындагы соодагерлердин көйгөйү эмнеде?
Кыргызстан жаңылыктары
«Дыйкан» базарындагы соодагерлердин көйгөйү эмнеде?

Бишкектеги жашылча-жемиш саткан «Дыйкан» базарындагы соодагерлер бүгүн эки жаатка бөлүнүп, базардын ичинде митингге чыгышты. Алардын бир тарабы бул жерде иштебей, башка жака көчөбүз дешсе, экинчи тарабы, “Дыйкан” базардан эч жака кетпейбиз деген пикирлерин айтууда. 

8 жылдан бери бир базарда, бирге соода сатык менен алектенип, чогуу иштеп жүргөн сатуучулар, бир аптадан бери эки жаатка бөлүнүп, жаакташып жатышат. Айрымдары бул базарда иштегенге эч кандай шарт жок экенин айтып, башка жерге баралы дешсе, экинчи тарап канча жылдан бери эмгек кылып, көнүп калган жылуу ордунан козголгусу келишпейт.

Мындай жагдайга өткөн аптада мэрия чыгарган буйрук себеп болду. Анда базардагы акыбал тазалык менен коопсуздук нормаларына жооп бербегени үчүн жабылды деп айтылат.

Ал эми экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын өкүлдөрү, базарды жабуу боюнча көрсөтмө болбогондугун билдирүүдө. Бир апта мурун инспекция тарабынан текшерүү жүргүзүлгөндүгү чын бирок, эрежеге дал келбеген жагдайларды оңдоо үчүн бир ай мөөнөт берилген.

Ал ортодо Дыйкан базарынын жетекчилиги маалымат жыйынын өткөрүп, коюлган эскертүүлөр боюнча тапшырмалар аткарылып жаткандыгын айтышты.

Ушул тапта Бишкек мэриясы жапкысы келген Дыйкан базары дагы эле иштеп жатат. Учурда базарда миңге жакын сатуучу иштеп, үй-бүлөсүн багууда.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118