Жаңылыктар
Кара-Буура районунунда мыйзамсыз баңги затын ташыгандыгы боюнча кармалгандар 12 жана 13 жылга эркинен ажыратылышты
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Буура районунунда мыйзамсыз баңги затын ташыгандыгы боюнча кармалгандар 12 жана 13 жылга эркинен ажыратылышты

Кара-Буура райондук сотунун 2023-жылдын 30-январындагы өкүмү менен аталган райондун 4 тургуну, 12 жана 13 жылга эркинен ажыратылды, алар мурда кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу жалпы салмагы 11килограммга жакын 3 кап баңги затын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда КР УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан кармалган.

Кара-Буура районунун тургундары А.М.А., К.К.М., О.А.Ы. жана Ж.Э.Р. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө (Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо) боюнча каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айыпталып, 2022-жылдын 3-февралында Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын «Аманбаев» тилкесинде баңги затын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.

Тергөөнүн жана соттук териштирүүлөрдө бул кылмыш иши боюнча соттолуучулардын күнөөсү толук далилденип, аларга карата айыптоо өкүмү чыгарылган.

Атап айтканда, А.М.А. 12 жылга эркинен ажыратылып, 1 миллион сом айып салынган. Мурда А.М.А. КР УКМК кызматкерлерине пара катары сунушталган 2 млн 745 миң сом акча каражаты жана 2 миң АКШ доллары мамлекеттик бюджетке алынган.

Айыпталуучулар К.К.М., О.А.Ы. жана Ж.Э.Р. мүлктөрүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыратылды.