Жаңылыктар
МСК 2023 жылы накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүп аны 100% жеткирүү керек
Экономика
МСК 2023 жылы накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүп аны 100% жеткирүү керек

КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын коллегиялык жыйынында МСКнын жетекчилигине 2023-жылы накталай эмес төлөмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүнү тапшырды.

Министрлер кабинетинин башчысы коңшу Казакстанда накталай эмес төлөмдөр 93-94%га жеткенин белгиледи.

"Кыргызстанда бул көрсөткүч 20% гана түзөт. Көрсөткүчтүн көлөмүн көбөйтүп, аны 100%га жеткирүү керек", - деди ал.