Жаңылыктар
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтордун иши уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык топтордун иши уланууда

Тараптардын дипломатиялык каналдар боюнча жетишилген макулдашууларына ылайык, Бишкек шаарында 2023-жылдын 3-9-февралында Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. 

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколдорго кол коюлду.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.