Жаңылыктар
Кыргызстан Түркияга эки учак гуманитардык жардам жана кошумча 100 куткаруучу жөнөтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан Түркияга эки учак гуманитардык жардам жана кошумча 100 куткаруучу жөнөтөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Түркия Республикасына эки учак гуманитардык жардам жөнөтүү камылгасы көрүлүүдө.

Боордош түрк элине колдоо көрсөтүү максатында кыргыз тарап биринчи учак менен 100 боз үй, 20дай жылууланган аскер чатырын жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган 1 чатыр жөнөтөт.
Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн керектүү куткаруу механизмдери жана 2 үйрөтүлгөн ит менен 100 куткаруучудан турган атайын топ экинчи учак менен барат.

Ошондой эле бул учак менен тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар гуманитардык жардам катары жеткирилет.