Жаңылыктар
Жаңы келишим боюнча кыргыз жарандары Казакстанда 30 күн каттоосуз жүрө алышат
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы келишим боюнча кыргыз жарандары Казакстанда 30 күн каттоосуз жүрө алышат

Казакстан менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлери Казакстанда жолугуп, эки тараптуу келишимге кол коюп кайтты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка таянсак, эми Кыргызстандын жарандары ал жакта 30 күн каттоосуз жүрө алышат. Эске салсак, мурда Казакстанда болгону 5 күн гана каттоосуз жүргөнгө руксаат бар болчу.