Жаңылыктар
Ош облусунда жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунда жер титирөө катталды

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 11:24тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. 

Жер титирөө Өзгөн районунун Кара-Дөбө, Салам-Алик, Ара-Көл, Байбиче айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.