Жаңылыктар
Кыргызстан жана Словения Тышкы иштер министрлери менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан жана Словения Тышкы иштер министрлери менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү

КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Словения Республикасынын Вице-премьер-министри, Тышкы иштер министри Таня Файон менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрү өткөрүлдү.

2023-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Словения Республикасынын Вице-премьер-министри, Тышкы иштер министри Таня Файон менен тар жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрү өткөрүлдү.

Кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Словениянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун эки тарапты кызыктырган маселелерин талкуулашты. Биринчи кезекте жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, эки тараптуу саясий консультацияларды өткөрүү жана эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз өз ара аракеттенүү аркылуу саясий кызматташтыкты кеңейтүү зарылчылыгы белгиленди.

Соода-экономикалык кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Тактап айтканда, Министр Ж.Кулубаев биргелешкен кызматташуунун келечектүү багыттарын – маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, «жашыл экономикага» өтүү, энергиянын кайра жаралуучу булактары, анын ичинде гидроэнергетика, ошондой эле туризм жана кайра иштетүү өнөр жайын белгиледи. Маданий-гуманитардык чөйрөдө студенттердин өз ара алмашуу программаларын кеңейтүүгө басым жасалды.

Тараптар ошондой эле аймактык күн тартибин талкуулашты, орун алган коркунучтарды жана чакырыктарды, ошондой эле Борбордук Азия менен бүтүндөй Евробирликтин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти.
Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Словениянын тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери басма сөзгө билдирүү жасашып, Кыргызстан менен Словениянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Андан соң, Министр Ж.М.Кулубаев Словениянын «RTV Slovenja» телероадиокомпаниясынын кабарчыдарына өзүнчө интервью берди.
Иш сапардын алкагында Словениянын Тышкы иштер министри Т.Файонду Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров кабыл алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Д.Ж.Амангелдиев жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т.О.Ибраев менен жолугушат.