Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин көңүл айтуу китебине жазуу калтырды
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин көңүл айтуу китебине жазуу калтырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинде болуп, 2023-жылдын 6-февралында орун алган жер силкинүүлөрдүн кесепетиндеги көп сандаган адам курмандыктарына байланыштуу ачылган көңүл айтуу китебине боордош түрк элине терең кайгыруу менен көңүл айтуу сөздөрүн калтырды.

«Боордош элге адамдардын өмүрүн алган жаратылыш кырсыгына байланыштуу аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам. Жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалайм. Кыргыз Республикасы кыйратуучу жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда сиздерге колдоо көрсөтүүгө даяр”, – деп жазган Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров.