Жаңылыктар
Лондондо Султан Раевдин "Суфлер" спектакли коюлду
Маданият
Лондондо Султан Раевдин "Суфлер" спектакли коюлду

Жекшемби күнү Лондондо жазуучу жана драматург Султан Раевдин "Суфлер" спектакли көрсөтүлдү. Премьера эл аралык "Ачык Борбор Азия" фестивалынын алкагында коюлду. 

Спектаклди Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры Лондондун The Space деп аталган эң байыркы театрларынын биринде койду. Тарых жана маданият жылында бул Британиянын борборунда көрсөтүлүп жаткан экинчи спектакль. 

Буга чейин - "Канышанын көз жашы" деп аталган Курманжан датка жөнүндө спектакли тартууланган.