Жаңылыктар
Жакынкы Чыгышта кырдаал кайрадан курчуду
Дүйнө
Жакынкы Чыгышта кырдаал кайрадан курчуду

Жакынкы Чыгышта кырдаал кайрадан курчуду. Ирак армиясы 2 жылдан бери террорчулардын колунда турган Мосул шаарын бошотууга киришти. Согуш Сирияда да тынымсыз жүрүп жатат. Геосаясий абалга таасир эткен кубаттуу мамлекеттер андагы талаштарга байланыштуу бир пикирге келише элек. 

Ирактын өкмөттүк күчтөрү былтыр декабрь айында Рамади шаарын террорчулардан бошоткондон тартып, Мосулга жасала турган операцияларга даярдык көрүп келген. Бир миллион 300 миңдей жашоочусу бар бул калааны ДАЕШтин 6 миңдей согушчандары көзөмөлдөп турат. Террорчулар шаарды 2014-жылы июнь айында басып алышкан. Өлкө армиясынын кубатсыздыгы жана офицерлердин ортосундагы биримдиктин жоктугу аларга калааны 6 күндүн ичинде алып коюга мүмкүнчүлүк түзгөн эле. Премьер-министр Хейдар Аль-Абади өкмөттүк күчтөр мурдагыдай алсыз эмес экенине ишендирет. Бир нече генерал, аскерий жетекчилердин катышуусунда элге теле аркылуу кайрылып, Мосул шаарына операция башталганын жарыялады.

Түрк армиясы өз өлкөсүнүн чек-арасынан Сирияны карай 20 чакырымдай аралыкта террорчулар жок кылынганын кабарлоодо. Бул коопсуз тилкени 45 чакырымга жеткирүү максат кылынып жатат. Анкара мындай кадамдарды Түркиянын аймагында болуп жаткан тынымсыз террордун алдын алуу катары түшүндүрөт. Баарынан да Сирияда орус аба күчтөрүнүн соккулары дүйнөнүн назарын бурууда. Террорчулар катары саналбаган, бирок президент Башар Асадга каршы оппозиция ээлеп турган Алеппонун бир бөлүгүнө кубаттуу чабуулдар жасалууда. Геосаясий кызыкчылыктардын чордонуна айланган Жакынкы Чыгыштагы абал кандай өңүттө өнүгөөрү талдоочуларды кайрадан кызыктырып жатат. Терроризм маселелери боюнча эксперт, профессор Тинатин Карусанидзе чоң оюнчулар шылтоо кылган ДАЕШ азыр алсыраганын белгилейт. Президент Асад жеңишке жетишээрин, бирок чексиз бийлиги сакталбайт деген пикирин айтууда.

Батыш өлкөлөрү Лондондогу жыйында орус аба күчтөрүнүн Алепподогу соккуларын сынга алды. Ал эми Сирия маселеси боюнча Тышкы иштер министрлердин Лозаннадагы сүйлөшүүлөрү натыйжасыз аяктаган эле. АКШ жана Улуубритания Россия менен Сирияга санкцияларды киргизүү маселесин талкуулады. Алар ок атышууларды токтотуу боюнча жаңы келишим зарыл экенин белгилейт.

Калыгул Асамбаев  Биринчи радио

 

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118