Түркиянын түштүк-чыгыш тарабындагы катуу жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 24 миңден ашты. Бул туурасында өлкөнүн вице-президенти Фуат Октай билдиргенин маалымат каражаттары жазды.
Ошондой эле ал имараттардын тийиштүү талаптарга ылайык курулбай калышына шектелген 113 адамды камакка алуу ордери берилгенин айткан. Алардын бирөөсү кармалганы белгиленди. Эске салсак, 2023-жылдын 6-февралынын таңында Түркиянын түштүк-чыгышында магнитудасы 7,7ге жеткен зилзала болгон. Түш ченде кайра кайталанган. Анын кесепетинен миңдеген имарат кыйраган. Мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдогандын айтымында, бул 1939-жылдан берки эң күчтүү жаратылыш кырсыгы болуп калды.