Жаңылыктар
"Кумтөр": пландар көбөйдү, талаптар катуулады
Кыргызстан жаңылыктары
 "Кумтөр": пландар көбөйдү, талаптар катуулады

Жакынкы жылдары Кумтөр кенинде иш дагы кызый турган болуп калды көрүнөт. Жетекчилик 3 жылдан кийин кендеги калдыктарды сактоочу жайдан алтын алууну пландап жатыптыр. Айтымдарында бул үчүн заманбап технологиялар колдонулат экен. Тактап айтканда, аталган жайдагы калдыктар жарым кургак зыянсыз аралашмада иштелип чыгат. Андан түшө турган каражаттын көлөмү да бир топ.

План боюнча, 14 жыл аралыгында тиешелүү жайдан 66 тоннага чукул алтын алынат. Быйыл январь айында бул ишти жасай турган компанияны аныктоо боюнча сынак аягына чыгарылган. Ага ылайык, жылына 12 миллион тонна калдык кайра иштетилип турат. Адистердин айтымында, буга чейин бир топ жолу иликтөөлөр жүрүп, анда тиешелүү жайда болжол менен 110 тонна алтын бар деп эсептелген.