Жаңылыктар
Өнүккөн экономика - мамлекеттин кепилдиги
Экономика
Өнүккөн экономика - мамлекеттин кепилдиги

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик салык кызматы 207 млрд 901 млн 600 миң сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады.

Белгиленген план 3 млрд 700 млн сомго ашыкча аткарылды. 2021-жылдын көрсөткүчүнөн 63 млрд 800 млн сомго көп чогултулду. Анын ичинде 156 млрд 338 млн 300 миң сом салык жана төлөмдөр жыйналган. План 729 млн 400 миң сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылга салыштырмалуу 50 млрд 624 млн 300 миң сомго көп чогултулуп , өсүү ыргагы 147,9 % түздү.

Мындан тышкары бизнести көмүскөдөн чыгаруу, экономиканын бардык тармактарын талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча иштер жасалды. Ошондой эле ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында продукцияны чет өлкөлүк рынокторго чыгаруу үчүн натыйжалуу инструменттерди түзүүгө, ак ниет бизнести коргоого жана экономиканы көмүскөдөн чыгарууга багытталган Жаңы Салык кодексинин ченемдери да оң таасирин тийгизди.