Жаңылыктар
Геннадий Базаров - кино өнөрүнүн залкары
Маданият
Геннадий Базаров - кино өнөрүнүн залкары

Кыргыз киносу - совет доорунда бүткүл союздук республикаларга дүң болуп, кыргыз керемети деп аталып, артынан аңыз кепти калтырган алтын доорду баштан өткөргөн. 

Ага салымын кошкон легендарлуу режиссёрлордун бири Геннадий Базаров болчу. Бул инсан жарык дүйнөгө бир гана ушул кино искусствосу үчүн жаралып келгендей жаркын элесин калтырып, чыныгы өнөр адамы экендигин далилдеп кетти.Советтер союзу таркагандан кийин маданият менен искусство оор сыноону баштан кечирди. Кара жанды багыш үчун өнөр менен искусствону туу туткандар туш тарапка тарады. Бирок Геннадий Базаров мындай кыйчалыш учурдан дагы жол таап, телекөрсөтүү тармагында жаңылык киргизди, жаңы кинолорун дагы жаратты. Эгемендик жылдары Геннадий Базаров Улуттук каналдын “Кыргызтелефильм” студиясына келип, өмүрүнүн аягына чейин эмгектенди. Ушул жерден бир топ жаңы тасмаларын жаратты. Жашоонун өзөгүн башка нуктан көрө билген инсан жалаң жакшыны тартып жасакерленген жок. Адам нарк, насилди жогору тутуп, аздектеп турбаса арты аңга алпарып түшүрөрүн улам кайталап эскертип айтты. Залкар талант бир нече ата мекендик жана эл аралык сыйлыктарды алып, маданият тармагында эмгектенген адамдардын арасында кадыр баркы жогору болчу. Өмүрүнүн 65 жылын кино өнөрүнө арнаган чебердин эмгеги эске алынып мамлекет тарабынан 2чи жана 3чү даражадагы “Манас” ордени ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын эл артисти, кино искусствосунун улуу чебери, 81 жаштагы Геннадий Базаровдун сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.