Жаңылыктар
Волейбол боюнча кыздар командасы эл аралык турнирде баш байгени багындырды
Спорт
Волейбол боюнча кыздар  командасы эл аралык турнирде баш байгени багындырды

Бишкектин волейбол боюнча «Салам-Алик» кыздар  командасы эл аралык турнирде баш байгени багындырды. Мелдеш  Астана шаарында өтүп, ага Казакстан менен Кыргызстандан 11 команда катышкан. Анда «Салам-Алик» 2:0 эсебинде «Алматы» командасын утуп алтын тагынышкан. Ошондой эле «Дордой-Намыс» командасы «Алматы-2» багындырып 3-орунду алган.  Иш-чара спорттун чебири Оксана Кимдин урматына уюштурулган.

Индонезияда өткөн VI Бүткүл дүйнөлүк оюндарда кыргыз балбандары 4 медал менен кайтышты. Жакарта шаарындагы спорттук иш-чарага 87 өлкөнүн спортчулары катышып, 62 спорттун түрү боюнча күч сынашкан.

Эркин күрөш боюнча Азия чемпионуна барабар болгон алтынды Эсенбек Кудайбердиев алса, Мээрим Момунова менен  Анара Рыскулова күмүш тагынышкан. Андан сырткары азербайжан күрөшү боюнча Бекболсун Кушубаков күмүш медалга жетишти.

Өзбекстанда футбол боюнча кыздар арасында өткөн турнирде Кыргызстандын курама командасы коло медалын багындырды. Спорттук иш-чарага Иран, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан барган  командалар катышкан. Оюнда Кыргызстандын курама командасы 3-орунга татыса, өзбек командасы биринчи, Иран командасы 2-орунга илинген. Турнир Ташкен шаарында 15-17-октябрда болгон.

ФИФА футбол боюнча 2018-жылы өтөт турган дүйнө биринчилигине жаңы тартиптерди киргизди. Ага ылайык тайпалык оюндарда эгер командарлар упайлары менен тең чыгып калса, анда оюнчулардын алган  сары жана кызыл эскертүү кагаздары эске алып жыйынтык чыгарылат.

Андан сырткары ар бир курама командага номуру менен аты жазылбаган  кошумча дарбазачыларга  кийимин алуу милдеттендирилди. Эгер дарбазачы жаракат алып, өз милдеттин аткара албай калганда оюн талаасындагы футболчуга алмаштыруу үчүн. 

Ошондой эле баш байгени кимге жана ким ыйгара тургандыгы дагы такталды. Дүйнө кубогун команда капитанына тапшырат. Кубокту болсо чемпионатты өткөрүп жаткан өлкөнүн футбол федерациясынын  президенти тапшырат. Кошумчалай кетсек 2018-жылы футбол боюнча дүйнө биринчили Орусияда өтөт. Оюндар бир айга созулуп 11 шаардын 12 стадионунда өткөрү мерчемделген.

 Мирбек Сакенов