Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен келди
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) иш сапары менен келди.  

Иш сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Бүткүл Дүйнөлүк Өкмөттөр саммитине катышат (World Government summit) жана “Туруктуу өнүгүүнүн максаттары аракетте”, “Шыктандыруучу диалогдорду тездетүү” панелдик сессияларында сөз сүйлөйт. Мындан тышкары, БАЭ жетекчилиги менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган. 

Белгилей кетүүчү жагдай, Бүткүл Дүйнөлүк  Өкмөттөр саммити 13-15-февраль күндөрү “Келечектин өкмөттөрүн түзүү” урааны астында өтөт. Иш-чарага бир катар мамлекеттердин президенттери, өкмөттөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. Саммиттин программасында 200дөн ашуун сессияны өткөрүү жарыяланган жана 300дөн ашуун баяндама окулат.  

Саммитте сөз сүйлөгөндөрдүн арасында SpaceX, Tesla компанияларынын тең негиздөөчүсү жана башкы директору Илон Маск, Meta компаниясынын өкүлдөрү, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш бар.