Кыргызстандык боксчу Эркин Адылбек уулу Венгриядагы эл аралык турнирдин чемпиону аталды.
67th Bocskai Memorial Tournament 6-12-февраль аралыгында Дебреценде өттү.
Адылбек уулу турнирге 86 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, турнирдик жолун жарым финалдан баштаган. Кыргызстандык мушкер биринчи беттеште украиналык Богдан Толмачовду кыл чайнашкан күрөштө 3:2 эсебинде жеңген.
Финалда Адылбек уулу бельгиялык Идрис Леганессти 4:1 эсебинде утуп, алтын медалдын ээси болду.