Жаңылыктар
Балдарын мушташтырган аталар эки айга камакка алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Балдарын мушташтырган аталар эки айга камакка алынды

Балдарын мушташтырган аталар эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Өзгөн райондук соту кабыл алган.

Аларга карата Кылмыш кодексинин «Өспүрүмдөрдү кылмышка түртүү», «Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо” жана “Бейбаштык” беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. 

Белгилей кетсек, 3-октябрда социалдык тармактарда эки жеткинчектин аёосуз мушташып жатканы боюнча видео жарыяланып, коомдо катуу талкууга кабылган. 

Анда чоң кишилер эки баланын ыйлап, катуу жаракаттарды алганына көңүл да бурбай, тескерисинче сүрөп турушкан.