Жаңылыктар
УКМК КР: Жалал-Абад облусунда К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири К.С. кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК КР: Жалал-Абад облусунда К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири К.С. кармалды

КР аймагындагы уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн алкагында, 2023-жылдын 10-февралында КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР ИИМ Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Жалал-Абад облусунун аймагынан К.Досоновдун (криминалдык чөйрөдө «Дженго» деген кайманаты менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири К.С. кармалды.

Кармалган К.С. 1986-жылы туулган, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган кылмыштын негизинде 2022-жылдын июнь айынан бери издөөдө жүргөн. Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун

Ноокен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда К.С.тин башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери жүрүп жатат.