Жаңылыктар
Кыргызстандык кутаруучулардын кезектеги тобу Түркияга учуп кетишти
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандык кутаруучулардын кезектеги тобу Түркияга учуп кетишти

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркия Республикасындагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине катышуу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 100 кутаруучу, 6 медицина кызматкери, 25 чатыр, 1 чатыр талаа госпиталы, 160 боз үй даярдалган. Алардын ичинен кечээ, 12-февралда, 80 куткаруучу, 3 дарыгер жана 78 боз үй менен боз үй тигүүчүлөр Түркияга учушкан.  

Түркиянын жер титирөө болгон аймагына Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен 35 адам учуп, анын ичинде 3 дарыгер, 3 боз үй тигүүчү, куткаруучулар бар. Мындан сырткары 49  боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк,  бүгүн, 13-февралда кетти. 

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандан Түркияга жер титирөөнүн эртеси күнү, 7-февралда 67 куткаруучу жана издөө иштерине үйрөтүлгөн 2 ит жөнөтүлгөн.