Жаңылыктар
Владимир Путин менен Си Цзинпин Сириядагы абал туралуу пикир алмашышты
Дүйнө
Владимир Путин менен Си Цзинпин Сириядагы абал туралуу пикир  алмашышты

Владимир Путин менен Си Цзинпин    Индиянын   Гоа   аралында өткөн БРИКСтин саммиттин   учурунда Сириядагы абал туралуу пикир  алмашышты –деп  Россиянын президентинин  маалымат катчысы  Дмитрий Песков билдирди.  Анда Владимир Путин Кытай Эл Республикасынын төрагасына Сирия  маселеси боюнча маалымат берди. 

Гоадагы жолугушуу учурунда эки лидердин  аймактагы  терроризмге каршы күрөшүү  жөнүндө позициялары окшош экени аныкталды. Мындан сырткары Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ички иштерине сырттагы күчтөрдү кийлигиштирбөө жөнүндө бир пикирге келишти. 

Эмне үчүн эки улуу   державанын башчылары Индиядагы жолугушууда Сириядагы абалдан тышкары Борбордук Азия тууралуу  талкуулашты деген суроо жаралат? Себеби, Борбордук Азияга эл аралык террорчул уюмдар  жана анын мүчөлөрү чабуул коёт деген   кооптонуу бар. 

Мындан сырткары ушул жолугушууда Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Владимир Путин менен Афганистандагы кырдаал боюнча көз караштарыбыз  окшош деп жар салды. Сириядагы коркунучтуу абал Пакистан, Ирак Афганистан  менен Борбордук Азия тыгыз байланышкан. Мындан сырткары Кытай Жакынкы Чыгышта  абалды жөнгө салуу менен, өз таасирин кеңейткенге умтулууда. 

Кытайдын коопсуздугуна анын уйгур тектүү жарандары террордук топторго кошулуп, Алепподо салгылашып жатканы коркунуч жаратат. Пекин бул согушкерлерди Сирияда толугу менен жок кылгысы келет. 

Андан тышкары Кытай Шанхайдан баштап Сирияга чейин темир жол, газ менен мунай түтүктөрүн курууга  жүз миллиард доллардан  ашык инвестицияларын  салган. Ошондуктан Пекин Жакынкы Чыгышта саясий абалды жөнгө салууга абдан кызыктар Ошол эле убакта  Йемендин мурунку президенти  Али Абдаллах Салех  менен Москва ,  жана Пекин менен Дамасктын  ортосундагы түзүлүп жаткан карым-катнаштар, Вашингтондун тынчын алып жатат. Ал эми коңшу Иракта  бириккен коалиция  ДАИШти талкалаган күндө  да абал курч бойдон калат. 

Үстүбүздөгү жылдын  башында Россиянын коргоо министири Сергей Шойгунун маалыматы боюнча Сирияда  кавказдык жана Орто Азия тектүү 2 миң жихадчы жок кылынган. Бирок калган террористер Борбордук Азияга тымызын кайтып келип, сөзсүз түрдө ар түрдүү баш аламандыктарды уюштурушат. Ошондой эле Афганистанда  ДАИШтин  таасири өсүп жатканы байкалууда. 

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов. Тааныштырган Бакыт Абасбеков