Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Венгриянын баатырларынын эстелигине гүлчамбар койду
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Венгриянын баатырларынын эстелигине гүлчамбар койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, 13-февралда, расмий сапардын алкагында Будапешт шаарында Венгриянын баатырларынын эстелигине гүлчамбар койду.

Мамлекет башчысын эстелик жайгашкан Баатырлар аянтында Ардак кароол тосуп алды.

Аскердик оркестрдин коштоосу менен мемориалдык тактага гүлчамбар коюлду, Президент Садыр Жапаров башын ийип, венгер баатырларына таазим кылды.