Жаңылыктар
«Түндүк-Чыгыш» бажысы контрабандалык таттууларды аныктады
Кыргызстан жаңылыктары
«Түндүк-Чыгыш» бажысы контрабандалык таттууларды аныктады

«Түндүк-Чыгыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБдин жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө товарлардын жалган декларациялоо фактысын аныкташты.

«И.Т.» ЖЧКнын дарегине Кытай Эл Республикасынан «Volvo» жүк ташуучу унаасында кургатылган манго, кабыктагы макадамия товары келген. Бажылык текшерүү жүргүзүүдө унаанын жүк бөлүгүнөн декларацияланбаган товар – момпосуйлар табылган.

КР Соода-өнөр жай палатасынын экспертинин корутундусуна ылайык, декларацияланбаган товарлардын орточо дүң-базар баасы 1 312 500 сомду түзөт. Жагдайлар такталып, маселе маңызы боюнча чечилгенге чейин автотранспорт товары менен «Кыргыз мебель» убактылуу сактоо кампасынын аймагына сактоого коюлган. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 318 миң 252 сомду түздү.

Факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каралуу жана чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.