Улуттук Биринчи каналдын эн тамгасынын чечмелениши
Улуттук Биринчи каналдын логотибин иштеп чыгууда ар кыл пикирлер эске алынып, мааниси терең, өзөктүү ойду туюнта турган эскиздер чийилген. Арасында улуттук колоритти белгилеген оюм-чийимдери бар бир нече эскиздер талкууга түштү. Топтолгон сунуштар, сүрөтчүлүк, этнография, тарых, фольклор, космология, сакралдуу геометрия, философияга тиешеси бар атуулдардын элегине салынды. Канча адам болсо ошончо пикир дегендей, ар түрдүүлүктөн бир бүтүмдү чыгаруу оңойго турбайт. Ошол эле учурда, дүйнө эли орток маданиятка, үндөш баалуулуктарга ээ экенин эске алсак, көпчүлүк учурда бири-бирине окшош символдор болору турган иш.
УТРКнын жаңы логотибинде “бирди” туюнткан элестин ичинде эки чоң түшүнүк жатат. Ошону чечмелеп берели.
Биринчиден, Ала-Тоонун чокулары үч бурчтук формасында. Үч бурчтук формасы бийиктикти карай умтулуп турат. Биздин шырдак, туш кийиз, боз үйдүн керегесинде, курактарда, көп учурларда үч бурчтук кездешет. Кыргызда көз, сөздөн сактасын деп тагылган тумар дагы үч бурчтук формасында. Ак элечек энелерибиздин сөйкө, чачпак, чолпуларында үч бурчтук кездешет. Коломтодо коюлган тулга дагы үч бурчтук эмеспи. Атүгүл дүйнөлүк маданиятта дагы үч бурчтуктун мааниси өтө терең. Майда баратын санап отурса сан жетпейт. Күнү бүгүнкүгө чейин окумуштуулардын башын катырган, табышмагы катылган, дүйнөнүн жети кереметинин бири болгон, байыркы Египет пирамидалары дагы, байыркы цивилизация адашып же капыстан үч бурчтук кылып койбосо керек...
Албетте, бул символдо чоң сыр бар экени анык нерсе. Азыркы кыргыз баласы ал үч бурчтуктун маанисин азыр айтып түшүндүрүп бере албаса дагы, байыркы бабаларыбыз оюларга оюп, шырдактарга шырып берип жатпайбы! Шырдактын баш-аягы бүтүндөй үч бурчтуктан туруп, ар бир кыргыздын үйүндө салынып турбайбы! Ар бир кыргыздын төрүндө илинген туш кийиздин ортосундагы толтосу үч бурчтук эмеспи. Көрсө, кыргыз баласы тарыхтын таш талкан кылган окуяларынан аман-эсен, түгөл, бүтүн чыкканынын бир себеби, өзүн, айлана тегерегин, эң негизги турагы болгон боз үйүн тумарлап келген турбайбы. Ошол эле учурда, айтылуу Пифагордун философиялык системасында гректин “Дельта” тамгасы, анын үч бурчтук болгондугуна байланыштуу, ааламдын жаралуусунун символу болуп эсептелинген. Бул үч бурчтуктун космологиясын, сакралдуулугун, түпкү маңызын айта берсек, том-том китептер жазылат. Аны биз окумуштууларга коелу.
Эми, экинчи символу болгон өзөккө келели. Жашоонун башаты болгон эмбрион, түйүлдүк же өзөк, уюл бул – адамзат дүйнө таанымындагы түптүү, фундаменталдуу белгилердин бири. Жандуу жансыздын баары өзөктөн жаралып, өзөккө кайтат. Дүйнө өзү уюган, имерилип, чимирилген болмуш. Байыркы антикалык цивилизациянын өкүлдөрү, ушул уюл белгини жер планетасынын өзөгү катары кабылдаган. Байыртадан уюл белги аалам менен адамзаттын ар дайым өсүүсүн, өнүгүүсүн, анан баардык жандуу жансыздын тынымсыз кыймылда болорун белгилеген өтө терең символ. Кыргыз оймо-чиймелеринин басымдуу бөлүгүнүн өзөгүн так ушул уюл белги түзөт. Улуттук Биринчи канал дагы тынымсыз кыймылда болуп, улутка кызмат кылсын деп уюл белгиси коюлган.
Дүйнөлүк маданиятта, анын ичинде байыркы кыргыз элинин маданиятында кездешкен, бул мааниси терең, өтө маңыздуу уюл белгиси, азыркы заманбап кабылдоого ылайыкташтырылып, бир аз стилдештирилди.
Улуттук Биринчи канал эфирибизди аруулап, элибизге жакшы көрсөтүүлөрдү тартуулап, улуттук баалуулуктарды уютуп, уюл белгиси туюнткандай тынымсыз кыймылда болуп, жалпы кыргыз коомчулугуна кызмат кыла берсин!