Жаңылыктар
Кыргыз - венгер ишкерлеринин бизнес-форуму
Экономика
Кыргыз - венгер ишкерлеринин бизнес-форуму

Бүгүн мамлекет башчысы Будапешт шаарында өткөн кыргыз - венгер ишкерлеринин бизнес-форумуна катышты. Иш-чарага эки тараптан тең бир топ ишкерлер чогулушкан. Орток пикирге келип, кол коюлган документтердин саны да арбын болду.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн толук колдонууга түрткү керек. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров бүгүн Будапешт шаарында өткөн бизнес-форумда билдирди. 

Мамлекет башчысы Венгриянын бизнес чөйрөсүн Кыргызстандын ар тармактарында, айрыкча энергетика, туризм, агроөнөр жай жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чакырды. Венгрияда Кыргызстандын соода үйүн ачуу, өндүрүштү көчүрүү боюнча сунуштарды берди.