Жаңылыктар
Чек ара: орду толгус руханий байлыктар
Чек ара
Чек ара: орду толгус руханий байлыктар

Баткендеги бүлүнгөндөр бүтөлгөнү менен, чек арага чеп болуп жашап келген элдин моралдык зыяны, руханий жоготууларынын орду толгус болду.

Алардын аздектеп колдонгон, ата-бабаларынан мурас калган буюмдары үй жайы менен кошо тонолуп, өрттөлгөн. Капчыгай айылынын тургуну Топчиевдердин үй-бүлөсү сактап келген эски музыкалык аспаптардын бири дагы бутун калган эмес.