Жаңылыктар
Чемпиондор лигасынын плей-оффтук баскычындагы алгачкы беттештери 1:0 эсебинде аяктады.
Спорт
Чемпиондор лигасынын плей-оффтук баскычындагы алгачкы беттештери 1:0 эсебинде аяктады.

14нен 15-февралга караган түнү  Чемпиондор лигасынын 1/8 финалдык баскычтын беттештери орун алды.

Стадиянын биринчи күнүндө 2 беттеш болду. Эки оюн тең 1:0 эсеби менен жыйынтыкталды. Италияда “Милан” командасы “Тоттенхэм” клубун 1:0 эсебинде жеңип алды. Эсеп оюндун башталышында ачылды. 7-мүнөттө Браим Диас жалгыз голдун автору болду. Мындан тараптар өзгөчөлөнө алган жок.

Жооптук беттеш 9-мартта Лондон шаарында болот.

Ал эми ошол эле убакта Парижде “ПСЖ” менен “Бавария” күч сынашты. Баары кызыгуу менен күтүп жаткан оюн голго бай болгон жок. Бирок мюнхендиктер кичинекей артыкчылыкка ээ болушту. 53-мүнөттө Дэвистин чыгаруусунан кийин Кингсли Коман гол киргизди. Жалпы тараптар биригип 26 ирет дарбазага тепсе, ошонун ичинен он бири гана таамай жетти.

Эми эки лидердин жооптук оюну 9-мартта Мюнхен шаарында болот.