Жаңылыктар
Клубдар арасындагы Дүйнө чемпионатына 32 команда катышуусу ыктымал
Спорт
Клубдар арасындагы Дүйнө чемпионатына 32 команда катышуусу ыктымал

FIFAнын клубдар арасындагы дүйнө чемпионатына 32 клуб катыша алат.

Маалым болгондой, турнирге Европадан 12 жана Түштүк Америкадан 6, Африка, Азия жана CONCACAFтан 4төн, Океаниядан 1ден команда катышат. Дагы бир орун мелдешти өткөргөн өлкөнүн клубуна берилет.

Реформа 2025-жылдан баштап пландалууда.

Клубдар арасындагы дүйнөнүн учурдагы чемпиону “Реал” командасы. Падышалыктар финалда “Аль-Хиляль” клубун утуп алды. Турнирге жалпысынан 7 команда катышкан.