Жаңылыктар
Ысык-Көл: 8 пансионатка айвп пул салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл: 8 пансионатка айвп пул салынды

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгы, “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №131 Жарлыгын аткаруу төмөндөгү жумуштар аткарылды.Облуста жайгашкан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн  кичи эс алуу жайларын, конок үйлөрүн инвентаризация жүргүзүлүп, жыйынтыгы боюнча төмөкүлөр аныкталды: Ысык-Көл облусу боюнча 184 эс алуучу жайлар 837 кичи эс алуу жайлары, конок үйлөрү, мейманканалар катталды, баардыгы 1021 эс алуучу жайы бар.

2023 жылы 181 эс алуу жайларына 2023-жылдын 1-январынан баштап тазалоочу курулмасы жок иштегенге тыюу салуу боюнча билдирүүлөр (уведомление) тапшырылганБаардыгы болуп 2022-2023 жылдары 313 эскертуу таратылды, анын ичинен райондор боюнча,

1. Ысык-Кол району 226;

2. Туп району 7;

3. Ак-Суу району 10;

4. Жети-Огуз району 48;

Тон району 22.

Ысык-Көл облусу боюнча эс алуу жайларга тийиштүү 105 даана саркынды сууларды тазалоочу жайлар бар.  Мунун ичинен 51 даана саркынды сууларды тазалоочу жайлар мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөрүлгөн. Бүгүнкү күндө инвентаризация иштери жана эскертүү (уведомление) таратуу уланууда.

Мыйзам бузуу фактылыры аныкталган эс алуу жайлары боюнча:

- “Золотые пески” эс алуу жайына 17000 сом айып пул салынып, айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги үчун 65021 сом доо коюлуп Ысык-Көл ички иштер бөлүмүнө мыйзам чегинде чара көрүүгө өткөрүлүп берилди.

- Дилором” эс алуу жайына 17000 сом айып, айлана-чөйрөгө зыян “келтиргендиги үчун 9729 сом доо коюлду.

- “КазГУ” санаториясына 17000 сом айып, айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги үчун 5592 сом доо коюлду.

-“Джерзинец” балдар эс алуу жайы 17000 сом айып, айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги үчун 28795 сом доо коюлду.

- “Илим” балдар эс алуу жайы 17000 сом айып салынды.

- “Академия Наук” эс алуу жайы 13000 сом айып салынды.

- “Университет” эс алуу жайы 17000 сом айып салынды.

“Асыл-Таш” эс алуу жайынын саркынды сууну тазалоочу курулмасын ОсОО “Взморье Сити”, арендага иштеткен саркынды сууну тазалоочу курулмадан анализдер алынып, жыйынтыгында химиялык анализери начар чыгып айлана-чөйрөгө зыян келтиргендиги үчун 110000 сом доо коюлуп, 17000 сом айып салынды.

“Ак-Суу “ балдар реабилитациялоо бөлүмү 28000 сом айып.

ЖИ “Урманаева Ч.Ж” Бассейн Ак-Суу Кенч 1000 сом айып.

ЖИ “Камалова К.Р” профилакторий Өмүр дария 5500 сом айып.

СК “ССК Заря” 5500 сом айып.

Аталган Жарлыкка ылайык, Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасында менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан инженердик коммуникациялар жана курулмалар (суу алуучу, суу түтүгү канализация тармагы, канализациялык насостук станция жана тазалоочу курулмалар) менен камсыз болбогон санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттедждик поселоктордун, конок үйлөрүнүн, мейманканалардын жана башка рекреация объекттеринин иштөөсүнө 2023-жылдын 1-январынан баштап тыюу салуу жагы көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу,     

2023-жылдан 11-январында “Жыргалан”, “Жети-Өгүз” санаторияларына тазалоочу курулмалары иштебегендигине байланыштуу жана Жети-Өгүз районунда жайгашкан “Кайнар” эс алуу жайына тазалоочу курулмасы жок болгондуктан, 2023-жылдан 20-январында  Ак-Суу районунда жайгашкан“ Ак-Суу Кенч”, “Өмүр дария”, “Заря”, “КСХТ” ден-соолукту чыңдоо борборлоруна тазалоочу курулмалары иштебейт деген маалыматтар интернет булактарына чыккандыгына байланыштуу ишмердүүлүктөрүн  токтотуу боюнча каттар жиберилген.  Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун прокуратурасына ушул  эс алуу жайларына чара көрүү жагын кароо жөнүндө каттар жөнөтүлдү.

Ошондой эле, облуста жайгашкан термалдык сууларды бассейиндерде колдонуп айлана чөйрөгө ыргыткан  8эс алуу жайларына колдонгондон кийинки термалдык суулардан сапатын текшерүүгө химиялык анализ жүргүзүү боюнча каттар жолдонду.

Мониторинг жүргүзүү менен биргеликте, 9 эс алуу жайлардын саркынды сууларды тазалоочу курулмадан саркынды суулардын анализ пробалар алынды.

Жогоруда көрсөтүлгөн мониторингтин негизинде, комиссиянын чечими менен мыйзам чегинде пландан тышкары 19 эс алуу жайларына текшерүү жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинен жолдомолор алынууда.

Маалымат үчүн, Ысык-Көл облусу биосфералык аймактын экологиялык коопсуздугун алдын-алуу максатында, "Ысык-Көл" биосфера аймагынын сууларын агызып чыгаруу жана тазалоочу курулмалары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 17-августунун № 133 мыйзамына ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тартып саркынды сууларды тазалоочу курулмалары жок жана агызып чыгаруу (канализация) системаларына кошулбаган объекттерди долбоорлоого, "уруксаттык документтерди, мамлекеттик экологиялык жана мамлекеттик курулуш экспертизаларынын корутундуларын берүүгө, эксплуатациялоого берүүгө жол берилбейт.