Жаңылыктар
Э. Байсалов: Өлкөнүн мамлекеттик тил саясаты тилдик жана улуттук-маданий көп түрдүүлүктү сактоого багытталган
Кыргызстан жаңылыктары
Э. Байсалов: Өлкөнүн мамлекеттик тил саясаты тилдик жана улуттук-маданий көп түрдүүлүктү сактоого багытталган

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эне тил күнүнө карата бир айлыктын алкагында өтүп жаткан “Улуттун тамыры – эне тил” аттуу тегерек столго катышты.

Куттуктоо сөзүндө Эдил Байсалов белгилегендей, Министрлер Кабинети республикада жашаган бардык этностордун эне тилин коргоо жана жайылтуу маселесин жактайт.

«Кыргыз Республикасында 80ден ашык улуттун өкүлдөрү жашайт. Биздин Конституциянын 13-беренесинде кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил катары белгиленген. Ушул эле берененин үчүнчү пунктунда Кыргыз Республикасынын элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө элибиздин бардык этносторунун эне тилин сактоо, үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугу кепилденгендиги көрсөтүлгөн”, - деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жана өлкөнүн мамлекеттик тил саясаты «кыргыз жараны» бирдиктүү жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүүгө, тилдик жана улуттук-маданий көп түрдүүлүктү сактоого багытталганын кошумчалады.

Тегерек столдун жүрүшүндө мамлекеттик тилди мындан ары өнүктүрүү жана республикада жашаган элдердин тилин кеңири жайылтуу боюнча жемиштүү пикир алмашуу болду.

Белгилей кетсек, бул иш-чара 21-февраль — Эл аралык эне тил күнүнө арналган бир айлыктын алкагында өткөрүлүүдө.

Эне тилдин бир айлыгы 20-январда башталып, 21-февралда – Эл аралык эне тил күнүндө жыйынтыкталат.Тегерек столдун ишине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, саясий жана мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкулов, дипломатиялык чөйрөлөрдүн, эл аралык уюмдардын жана диаспоралардын өкүлдөрү катышты.