Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери Түркиядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк маяналарын материалдык жана каржылык жардам катары которууну улантууда.
Бир күндүк эмгек акысын төмөнкү мамлекеттик органдар которду:
- КР президентинин администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери;
- КР Финансы министрлигинин кызматкерлери;
- КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги жана кызматкерлери;
- КР Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери;
- Бишкек мэриясынын аппарат кызматкерлери;
- Жогорку Кеңештин депутаттары (эки күндүк маянасын);
- Бишкек акимчилигинин кызматкерлери;
- Бишкек шаарынын саламаттык сактоо башкармалыгынын кызматкерлери;
- Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери;
- Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери;
- Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин кызматкерлери;
- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери;
- Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери;
- Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери;
- Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери;
- Коргоо министрлигинин кызматкерлери;
- Президенттин иш башкармалыгына караштуу "Учкун" ААКнын эмгек жааматы:
- Билим берүү жана илим министрлигинин эмгек жамааты;
- Улуттук статистика комитетинин эмгек жааматы;
- Энергетика министрлигинин эмгек жамааты;
-“ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын эмгек жамааты;
- Жалал-Абад шаардык мэриясынын эмгек жамааты;
- ОшМУнун жамааты;
-Юстиция министрлигинин эмгек жамааты.
- К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жалпы жамааты;
Эске салсак, Кыргызстанда Түркиядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө каражат топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалаган ар бир адам каражат которо алат:
Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсеп № 1350102119900169 “КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, АКШ доллары, евро);
Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”;
Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.
Ошондой эле КР ӨКМ түз байланышы иштөөдө.
Маалымат үчүн номерлер:
- ӨКМ —112;
- КР Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору — (0312) 662292.