Кыргызстан энергетика жаатында Европанын ири ишканасы менен кызматташат. Президенттин Венгрияга болгон расмий сапарынын алкагында энергетикага керектүү жабдууларды чыгарган заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал арада адистер Президенттин Венгрияга болгон сапары жемиштүү болгонун айтып жатышат. Эң негизгиси - Кыргызстан Европа Биримдигинин эшигин ача алды.