Жаңылыктар
2017-жылдын май айынан Кыргызстандын аймагындагы аналогдук телеберүү өчүрүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
2017-жылдын май айынан Кыргызстандын аймагындагы аналогдук телеберүү өчүрүлөт

2017-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын бардык аймагында аналогдук телеберүү өчүрүлөт. Бул туурасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынында вице-премьер-министр Гульмира Кудайбердиева билдирди.

Анын айтымында республикада санариптик телерадиоберүүгө өтүүгө байланышкан иш чаралардын комплекси бекитилген. «Азыркы кезде өлкөнүн дээрлик 95 % калкы санариптик телеберүүлөрдүн сигналын кабыл ала алышат. 

Учурда калктын жеткиликтүүлүгүн 99,0 % чейин жеткирүү, кеңири камтуу максатында иштер жүргүзүлүүдө - деди вице-премьер-министр Гульмира Кудайбердиева. Аны менен бирге тиешелүү ресиверлерди сатып алуу жана орнотуу зарылдыгы жөнүндө кеңири маалыматтык компанияны өткөрүү тапшырылды.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118