Жаңылыктар
Издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды
Кылмыш
Издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Издөөдө жүргөн эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УМКМ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-февралда УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан эл аралык террористтик уюмдун (ЭТУ) издөөдө жүргөн шериги — Сузак районунун 1976-жылы туулган Р.К.А. аттуу тургуну кармалды.

"Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин 3-бөлүгү, 30-беренесинин 6-бөлүгү, 27-226-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту жана 3-бөлүгү менен мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган Р.К.А. ЭТУнун мүчөлөрүнө Калашников (АК-74) жана гранатомет саткандыгы аныкталды, кийинчерээк Бишкек шаарынын аймагында террордук актыларды уюштуруу аракети менен КР УКМК тарабынан жок кылынган", - деп айтылат билдирүүдө.

Кармалган жаран УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, анын ЭТУ менен шериктештикке катыштыгы бар башка фактыларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.