Жаңылыктар
Улуттук банк дагы $35.6 млн сатты.
Экономика
Улуттук банк дагы $35.6 млн сатты.

Кыргызстандын Улуттук банкы кайрадан валюта рыногуна апта ичинде жасалган экинчи интервенция менен чыкты.

Улуттук банктын расмий сайтында маалымдалгандай, бул ирет валюта рыногуна 35,6 миллион доллар (бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен) сатылган.

Белгилей кетсек, бул апта ичинде жасалган экинчи интервенция — Улуттук банк дүйшөмбү, 13-февралда валюта рыногундагы абалды турукташтыруу үчүн 40 млн 220 миң доллар саткан. Ал эми жыл башынан бери Улуттук банк төрт ирет валюта рыногуна интервенция жасаган.