Жаңылыктар
Атамбаевге козголгон кылмыш иштерине соттук чечим чыга элек
Кыргызстан жаңылыктары
Атамбаевге козголгон кылмыш иштерине соттук чечим чыга элек

А.Ш.Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу ММКда жана социалдык тармактардагы жарандардын көптөгөн билдирүүлөрүнө байланыштуу, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту төмөнкүлөрдү билдирет.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө А.Ш.Атамбаев айыпталуучу катары өтүп жаткан эки кылмыш иши каралып жаткан.

Биринчи кылмыш иши - 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары боюнча, экинчиси - 2010-жылдагы июнь окуялары боюнча иш.

А.Ш.Атамбаевдин 2019-жылдагы Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген бир жылдык камакка алуу мөөнөтү аяктаган. Азыркы учурда бул кылмыш иши жабырлануучулар менен күбөлөрдү суракка алуу стадиясында турат, бул иш боюнча сот өз өкүмүн чыгара элек. Иш боюнча айыпталуучулар толук акталды деген пикирге келүү эрте.

А.Ш.Атамбаевге карата жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иштери боюнча бөгөт коюу чарасы тандалган эмес, анткени ал А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча кылмыш иши менен чыккан соттун өкүмүнүн негизинде жазасын өтөп жаткан. А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча иш жаңы кароого түштү.