Бишкекте Казак адабиятынын детектив жанрынын негиздөөчүсү, драматург, коомдук ишмер Кемел Токаевдин 100 жылдыгына арналган иш-чара өттү. "Түрк элинин детектив жанрынын атасы" аттуу эскерүү кечесинде анын чыгармалар топтому иллюстративдик көргөзмөгө коюлду.