Жаңылыктар
«Маданият — бул элдин руханий борбору
Саясат
«Маданият — бул элдин руханий борбору

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясына катышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты.   

Жыйындын жүрүшүндө ведомствонун өткөн жылдагы ишинин жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга карата ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары каралды.

Министрлер Кабинетинин башчысы мамлекеттик органдын стратегиялык маанисин белгиледи.

«Маданият — бул элдин руханий борбору. Кыргыз маданияты дүйнөлүк маданиятта өзүнүн татыктуу ордун таап, жогору бааланган: улуу эпосубуз «Манасты» айтуучулардын чеберчилиги, төкмө акындардын чыгармачылыгы, комуз күүлөрү, элдик кол өнөрчүлүк, «Кыргыз керемети» аталган кино тармагы, балет, опера искусствосу – мунун бардыгы кыргыздарды дүйнөгө таанытып, байыркы тарыхыбызды жана өзгөчөлүгүбүздү түбөлүккө калтырды. Биздин эл өзүнүн өзгөчөлүгүн сактап гана тим болбостон, азыркы ааламдашкан технологиялык доордо өзүнүн кайталангыс маданиятын сактап калууга умтулууда. Биздин өлкө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын дүйнөгө ийгиликтүү таанытты», - деди ал. 

Акылбек Жапаров мамлекет маданият тармагын каржылоо көлөмүн ырааттуу түрдө көбөйтүүнү көздөп жатканын кошумчалады. 

Анын айтымында, маданий объектилер 2-3 жылдын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен оңдолуп, же кайрадан курулат.

«Мамлекет башчы маданият, спорт жана жаштар саясатын өнүктүрүү жана колдоо үчүн кошумча финансы каражаттары бөлүнөрүн белгиледи. Биз таланттардын жаңы толкунун жаратып, театрдын жаш артисттерин чет өлкөгө окууга жөнөтүүгө даярбыз. Театр сахнасында жаңы спектаклдер үзгүлтүксүз пайда болушу маанилүү. Мындан тышкары, театрларда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу чараларын көрүү зарыл”, - деди Акылбек Жапаров.

Быйыл 6,5 миң кишиге ылайыкталган спорт аянтчасын, оор атлетика залын куруу пландалууда. Быйыл мамлекеттик социалдык заказдарга 300 млн сом бөлүнөт. Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле жаш жазуучулардын жана акындардын чыгармалары жарыялана турган «Ала-Тоо» журналына бюджеттик колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы жаштар саясаты тармагына да токтолду.  

«Жаштар саясаты - маанилүү стратегиялык багыт, аны ишке ашырууга биз ар тараптан колдоо көрсөтөбүз», - деди ал.

 Коллегиянын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.