Жаңылыктар
Социалдык көмүргө муктаж жарандардын баардыгы камсыздандырылат
Кыргызстан жаңылыктары
Социалдык көмүргө муктаж жарандардын баардыгы камсыздандырылат

 Социалдык көмүргө муктаж жарандардын баардыгы көмүр менен камсыз боло элек. Аз камсыз болгон кыргызстандыктарды кышка карата социалдык көмүр менен камсыздоо боюнча ордо калаанын төрт району өз ара тендер жарыялашкан. Тендердин жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга көмүр Казакстандан ташылып келүүдө, бирок толук көлөмдө эмес.

Биринчи май райондук администрациясы Казакстандын көмүр өндүрүүчүлөрү менен келишим түзгөн. Андыктан кара алтын Кыргызстанга бир ай мурун алынып келиниши керек эле. Бирок көмүрдү ташууда жол кире акысы кымбаттап кеткендиктен, социалдык көмүр келе элек.
Буга кошумча жаз айларында райондук акимиаттардын башчыларына отунга муктаж үй-бүлөлөрдүн санын тактап чыгуу тапшырмасы берилген.Мындан улам быйыл үч жуздөй үй-бүлө дагы кошумча отун менен камсыз болушкан. Бирок 1,5 тонна комур жана таратылган отун кыштан чыгууга жетишсиз
2016-2017 жылдары жылуулук берүү сезонуна карата ордо калаадагы төрт миңден ашуун үй-бүлө социалдык көмүр менен камсыз болууга тийиш. Бул үчүн быйыл миллион сомдон ашык каражатка көмүр сатылып алынган.