Жаңылыктар
Бишкекте бал жарманкеси өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте бал жарманкеси өтүүдө

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бал жарманкеси башталды. 


Тоолуу райондордо чогултулган балдын дарылык касиети, адамдын ден соолугуна пайдалуу жактары көп. Ыктыярдуу балчылар уюму жыл сайын февраль айында Бишкек шаарында бал көргөзмөсүн өткөрөт. 


Ага Токтогул, Ат-Башы, Тоң, Түп, Кемин, Панфилов, Алай, Жети-Өгүз райондорунан бал өндүрүүчүлөр келип табигый азыктарын элге сунуштоодо. Тоо гүлдөрүнөн тандалып чогултулган бал жөтөлгө, сасык тумоого, көздүн начар көрүүсүнө, балдардын дени сак чоңоюшуна жана жалпы пайдалуу витаминдерген куралгандыктан күнүмдүк колдонууда пайдалуу. Жарманкеден сырткары мезгилде балчылар экологиялык жактан таза азыктарын араб мамлекеттерине, Казакстан, Орусия, Япония, Германия, Корея, Түркия өлкөлөрүнө экспортко чыгарышат. Орто эсеп менен бир бал өндүрүүчү жылына 10 тоннадан ашык бал сатат.