Жаңылыктар
«Кыргызкөмүр»: быйыл көмүр баасы салыштырмалуу арзан
Экономика
«Кыргызкөмүр»: быйыл көмүр баасы салыштырмалуу арзан

Көмүрдүн бир тоннасы Бишкекте 3 миң 800 сом. Ал эми Кара-Кече көмүр кенинде болсо 1 миң 300 сомдун айланасында бааланууда. 

Кар жааганы көмүр сатуучу жайларда кардар көбөйдү. Тынымсыз баасын сурап, алынын жетишинче жүктөп кетип аткандардан сатуучулардын колу бошобойт. Кардарлар жылда 5-6 тонна көмүр түшүрсө, азыр анын 3 тоннасын гана алды. Себеби былтыр бир кап көмүрдү 150 сомдон алса, быйыл 180 сомго чыккан.
 Ал эми «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болсо көмүр баасы салыштырмалуу арзан дейт. Анткени быйыл көмүр өндүрүүчү жеке ишканалар иштеп баштаган. Ошондой эле күз-кыш мезгилдерине карата көмүр өлкөнүн баардык аймагына тегиз жетип, сапаты да жогору деп кошумчалады.
 "Кыргызкөмүр" ишканасы октябрга 943 миң тонна кара алтын камдалган. Бишкек жылуулук борборуна болсо сентябрда 54 миң тонна көмүр түшүрүлгөн.