Жаңылыктар
Имараты жараксыз бала бакча кайда барат?
Аймак
Имараты жараксыз бала бакча кайда барат?

Араван районундагы мамлекеттик бала бакчада таряланып жаткан 112 баланын өмүрү коркунучта. Бири 1877-жылга, экинчиси 1939-жылга таандык бул курулуштар учурда авариялык абалда.  Буга кошумча бакчанын аянты жылдан жылга тарып отуруп, баштапкы 80 сотых жер аянтынан учурда 14,5 сотых гана жер аянты калган. Бакча жетекчилиги бул-балдар үйү союз учурунан бери унутта калып келе жаткандыгын айтат. 

 Урайын деп калган дубал, аны жөлөгөн тактайчалар. Бул көрүнүшкө мындагы кызматкерлер, балдар көнүп калган. Анткени, 1877-жылы балдар үйү болгон бул мекеме мындан 60 жыл мурун эле «жараксыз» деп табылган.
Бул мекеме жараксыз делингенден кийин, 1939-жылы төрт бөлмөлүү бакча курулуп берилет. 76 жылдан бери балдарга кызмат кылган имарат азыр авариялык абалда. 

 Союз учурун, андан кийинки жылдарды эсепке албаганда да, акыркы беш жылда бакчанын жетекчисинин какпаган эшиги калбаган. Жазган кайрылуулары эле өзүнчө бир баштык. Жооп иретинде, соңку кездери бакчаны менчиктештирүү туурасында кептер чыга баштаган.
Көйгөйдөн кабары бар жергиликтүү бийликтин бакчанын ураганы калган дубалын сүрдүрүүгө укугу чектелүү экендиги маалым болду. Ошол эле учурда, коопсуздук чарасына жоопкерчиликти алуучу тарап табыла элек.