Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштер уланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча иштер уланууда

2023-жылдын 12-18-февралында Фергана шаарында (Өзбекстан Республикасы) Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун мындан ары бекитүүгө даярдашты, ошондой эле чек аранын айрым участокторун жер-жерлерде изилдөө Графиги макулдашылды.

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.

 Кийинки жолугушуу Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.