Жаңылыктар
Унаа токтотуу жайларынан эч кандай акча алынбашы керек
Кыргызстан жаңылыктары
Унаа токтотуу жайларынан эч кандай акча алынбашы керек

Борбор калаадагы унаа токтотуучу жайларды тезинен ирээтке келтирүү зарыл. Мындай демилгени көтөрүп чыккан Бишкек шаардык мэриясы, унаа токтотуу жайлардан мыйзамсыз акча чогулткандарга каршы биргеликте күрөшүүгө чакырууда. 

 Бишкек мэриясынын буйругуна ылайык, бүгүнкү күндө калаа ичиндеги автоунаа токтотуу жайларынан эч кандай акча алынбашы керек. Бирок ага карабастан кафелердин, соода борборлорунун же базарлардын алдындагы жерлерге автоунаасын токтоткондордон акы алган учурларды чекеден табасың.
Бишкек мэриясы унаа токтотуучу жай үчүн кошумча жер издеп жатат. Ушул тапта шаардагы каналдар, унаа жолдору текшерүүгө алынып, кошумча унаа токтотуучу жайлардын зарыл экендиги айтылууда. Бирок мэрия тарабынан бул маселе чечилгенчекти, мындай баш аламан акча чогултуулар болбошу керек.
Каражат чогултуунун бирдиктүү системасы жок болгондугуна байланыштуу, бир жыл мурда унаа токтотуучу жайлардын баардыгы акысыз болуп калган. Бирок мэриянын бул чечими аликүнгө чейин аткарылбай келет.