Жаңылыктар
Эрбол Султанбаев: С.Жапаров мурунку президенттердин эч бири менен жеке кызыкчылыгы жок экенин так айтты
Саясат
Эрбол Султанбаев: С.Жапаров мурунку президенттердин эч бири менен жеке кызыкчылыгы жок экенин так айтты

Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык баракчасына акыркы окуяларга жана коомчулуктагы ар кандай талкууларга байланыштуу тактоо жазды.


Президент Жапаров өз кайрылуусунда мурунку президенттердин эч бири менен жеке кызыкчылыгы, кастыгы же милдеттенмеси жок экенин так айтты.

Анын негизги максаты – чыныгы улуттук консолидация, кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн биригүү.

Өлкөнүн бардык жетекчилеринин кемчиликтери бар. Эл аларды жакшы билет. Ошону менен бирге жакшы жактарын да эстен чыгарбайлы.


Эгер Алмазбек Атамбаев тууралуу айта турган болсок, биз ал башкарган убакытта позитивдүү учурлар дагы болгонун унутпашыбыз керек.


Тилекке каршы, учурда коомчулук арасында жана социалдык түйүндөрдө мурдагы президенттердин, учурдагы бийликтин жана башкалардын тарапкерлеринин ортосунда талаш-тартыш уланууда.


Буга байланыштуу бардык тараптарды өз күчү менен энергиясын өз ара мамиле териштирүүгө эмес, Мекенибиздин бакубаттуулугу үчүн жаратмандыкка багыттоого чакыргым келет.


Президент Жапаров Исхак Раззаковдун убагынан бери келе жаткан – өлкөнүн бардык кийинки жетекчилери жаман нерселердин баарын өзүнөн мурункуларга жабыштырган адатты бузуп салгысы келет.


Бул президенттердин жолугушуусунун негизги максаты болгон жана анын мындан башка жашыруун мааниси жок.