Жаңылыктар
К. Базарбаев: жасалма интеллектти колдонуу көндүмдөрүнө Эмгек министрлигинин бардык кызматкерлери окутулушу керек
Кыргызстан жаңылыктары
К. Базарбаев: жасалма интеллектти колдонуу көндүмдөрүнө Эмгек министрлигинин бардык кызматкерлери окутулушу керек

Жасалма интеллектти колдонуу көндүмдөрүнө Эмгек министрлигинин бардык кызматкерлери окутулушу керек. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жасалма интеллектт кызматын көрсөткөн интернет ресурстун эмгек министрлигинде бет ачары учурунда билдирди. "Бул мамлекеттик кызматчынын ишинин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Биз жасалма интеллектти жардамчы катары карашыбыз керек, ал биздин жарандарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга, ведомствонун ичинде да, башка мамлекеттик органдар менен да өз ара байланышты жакшыртат", - деди министр.

Иш-чара Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратынын, ошондой эле министрликттин алдындагы ведомстволук уюмдарынын катышуусунда өттү.